Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн автоунаасы табылды. Аны айдап качкан адам изделүүдө

Балдар үйүнөн чыккан бүтүрүүчүлөр дал ушул автокөлүктүн жардамы менен жан багып, үй салууга акча табышчу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн уурдалган автоунаасы табылды. Бул тууралуу "Биздин добуш" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Осмонова билдирди.
Дал ушул автокөлүктүн жардамы менен социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жан багып, үй салууга акча таап келген.
Автоунаанын табылганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады. Жүк ташуучу чакан автоунааны Новопокровка айылына жакын талаага таштап кетишкен. Автокөлүктү айдай качкан адамды милиция издөөгө алды.
Белгилей кетсек, кылмыш 19-майдын түнүндө ошол эле айылда болгон. Автоунаа тууралуу маалымат социалдык тармакка тарап, милиция да издеп баштаган.