Ысыкта канча суу ичүү керек жана кайсы суусундук зыян. Кеп-кеңеш

Дарыгер стресс, улам ысып жана салкындап кетүү, өтө муздак суу организмди коронавирустун алдында алсыз кылып коерун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Адам ысыкта иче турган суунун көлөмү норма менен ченелген эмес. Киши кыймылына жана көлөмүнө жараша караштырып, болжол менен бир килограммга 40 миллилитр суу ичсе болот. Бул туурасында Москванын Саламаттык сактоо департаментинин адиси Андрей Тяжельников РИА Новости агенттигине айтып берген.
Ал жайдын ысыгында кандай суусундуктарды ичиш керектигин, алардын кайсы түрү ден соолукка терс таасирин тийгизерин да эскерткен.
"Газдалган таттуу суусундуктар, ширелер суусунду кандырбайт, болгону организмге жүк болот. Андан сырткары, ичимдикти жайдын ысыгында оозго албаш керек. Себеби ал жүрөк-кан тамыр системасына оордук келтирип, денеден суюктуктун чыгып кетишин шарттайт. Арак-шарапты ысыкта ичүү саламаттыкка зыянын тийгизет", — деген адис.
Ал ысыкта ичкен суусундуктар өтө муздак болбош керектигин эскертти. Ысып турганда ичкен төмөнкү температурадагы суусундук организмди шок кылып, иммунитетти төмөндөтүп, адамдын ооруп калышына алып келерин айткан.
Кан басымды түшүрүүгө кайсы азыктар жардам берет? Адистин кеңеши
"Стресс, аптапта улам ысып жана салкындап кетүү, өтө муздак суу менен балмуздак организмди коронавирустун алдында алсыз кылып коет. Андыктан адам өзүн вакцина менен коргошу керек. Бул өзгөчө улгайгандарга тиешелүү", — деген Тяжельников.
Буга чейин гастроэнтеролог, диетолог жайдын ысыгында тердеп келип дароо муздак суу ичкенде организм кандай ооруларга чалдыгарын айтып берген.