Москвада кыргызстандыктар менен тажикстандыктар мушташты

Уруш кечээ кечинде, 18-майда, Россиянын борборундагы кафелердин биринде чыгып, алты киши ооруканага түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Москва шаарындагы кафелердин биринде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташып кетти. Бул тууралуу Россия ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынан РИАМО агенттигине билдиришкен.
Уруш 18-май күнү кечинде Вернадск проспектисиндеги №39 үйдүн жанындагы кафеде чыккан. Маалыматта алардын саны 15 кишиге жеткени айтылган.
Тажикстан кыргызстандыктарды сабаган жарандары жазаланарын айтты
Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери 9 кишини кармап, андан ары териштирүү үчүн алып кетишкен. Ал эми алты адамды Тез жардам кызматы ооруканага жеткирген.
Полиция кармалгандарды маалыматтар базасынан текшерип, экөөнү Россияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жаран катары административдик айыпка жыкса, дагы жетөө майда бейбаштык үчүн жазага кириптер кылган.
Учурда окуянын эмнеден чыккандыгы иликтенип жатат.