Адис: жума ичинде көп иштеп, аз кыймылдоонун өлүмгө кептеген кесепети бар

Дарыгердин айтымында, адам стресске кабылганда организм физиологиялык жактан кандайдыр бир аракетке даярданат. Эгер кыймыл болбой калса, терс энергиялар ичте топтолуп жүрө берет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кеңседе жума ичинде узак убакыт жана аз кыймылдап иштегендер инсультка жана инфарктка көп кабылат. Бул тууралуу россиялык дарыгер-иммунолог, медицина илимдеринин доктору Владислав Жемчугов "Говорит Москва" радиосунун эфиринде айтты.
"Бардык эле жумуш стресс болот. Стресс — бул адреналин, кандагы глюкоза, тагыраагы, кооптуулук сигналы. Аны менен адам күрөшүп же качышы керек. Организм физиологиялык жактан кандайдыр бир аракетке даярданат. Бирок азыркы жумуштарда кыймыл аз. Анан стресс, терс энергиялар ичте топтолуп жүрө берип, инфаркт менен инсультка, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет", — деди дарыгер.
Жемчугов кошумчалагандай, жума ичинде узак убакыт иштөө рак ооруларына да алып келиши мүмкүн. Стресс адамдын ресурстарынын түгөнүшүн шарттайт.
Радио
Батырбекова: агрессия организм стресс алганда пайда болот
"Ошон үчүн убакытты эсептеш керек. Жумасына 40 саат иштесе мейли дейли, ал эми 50 саат бул өтө эле ашыкча. Мунун айынан иммундук системанын активдүүлүгү төмөндөп, адам тышкы чөйрөнүн таасирине туруштук бере албай калат", — деди иммунолог.
Ошондой эле макалада ДСУУнун докладында айтылгандар келтирилип, бир жумада 55 саат же андан ашык иштөө инсульт коркунучун 35 пайызга, жүрөктүн ишемиялык оорусунан өлүү тобокелдигин 17 пайызга жогорулатат деп жазылганы айтылат. Маалыматтар жумасына 35-40 саат иштегендер менен салыштырылат. ДССУ мындай жумуш бөтөнчө эркектердин ден соолугуна терс таасирин тийгизерин белгилеген.