БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн гана өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек мэриясы аземди кадимки форматта өткөрүүнү пландап жатканын айткан.
"Акыркы коңгуроону кадимки форматта бардык санитардык эрежелерди сактоо менен 11-класстар арасында гана өткөрүү чечими кабыл алынды. Ар бир мектепте график түзүлүп, бүтүрүүчүлөр мектепке өздөрүнүн гана классы менен келип кетишет. Мектеп менен коштошуу салтанатына ал класска сабак берген мугалимдер катышат. 1-класстын окуучулары Акыркы коңгуроого катышпайт", — дешти маалымат кызматтан.
Башкармалыктан кошумчалашкандай, акыркы коңгуроого 9-класстын бүтүрүүчүлөрүн катыштыруу же катыштырбоо чечимин ар бир мектептин жетекчилиги кабыл алат.
"Негизинен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү колуна аттестат алып, бирок мектепте эле андан ары окуй беришет. Эгер ата-энелер балдары кесиптик окуу жайга тапшырып, мектептен кетет деп чечсе, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп туруп чечим кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Башкармалыктан кошумчалашкандай, иш-чаранын сценарийи боюнча Акыркы коңгуроо салтанатына 1-класстын балдары тартылбайт.