Кыргызстан менен Өзбекстан транспорттук байланышын күчөтөт

Эки өлкөнүн делегациялары транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент аркылуу өткөн мультимодалдык транспорт коридорун рационалдуу пайдалануу жолун издей баштады. Бул үчүн коңшу өлкөнүн транспорт министри Ильхом Махкамов менен анын кыргызстандык кесиптеши Гүлмира Абдралиева жолугуп сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады
Белгилей кетсек, бир нече жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу дагы дал ушул Кашкар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.