Дүйнө чемпионаты: тандоо оюндарына барчу футболчулардын тизмеси жарыяланды

Улуттук команда Японияга 2-июнда учуп кетет. Башкы машыктыруучу тизмеге 25 оюнчуну киргизди. Дагы бешөө резервге алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турундагы калган үч оюнга баруучу курамды жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.
Пандемияга байланыштуу тандоо этабындагы калган оюндар борборлоштурулган форматта Японияда өтөт. 30-майда команда окуу-машыгуу өткөрүп, 2-июнда Осакаого (Япония) учуп кетишет.
Башкы машыктыруучунун тизмесине 25 футболчу киргизилди:
Кошумча тизмеге беш оюнчу алынды: дарбазачы Павел Матяш ("Алга"), коргоочулар Акрамжон Умаров ("Алай") жана Кайрат Изаков ("Абдыш-Ата"), жарым коргоочулар Азим Азаров ("Алга") жана Азиз Сыдыков ("Дордой"). Булар зарылчылык болгон учурда гана чакырылат.
Тизмеге Германияда ойногон футболчулар Виктор Майер менен Виталий Люкс кирген эмес.
Беттештердин расписаниеси: