БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын менеджерлери Кыргызстан эл аралык арбитражда соттошуудан коркпосун түшүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Буга чейин Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айткан.
Жапаров Centerra компаниясынын менеджерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп, ошону менен абал жөнгө салынып калган мезгил өткөнүн айтты.
"Бүгүн биз башка акционерлер менен биргеликте алардан бийликти алып, баарын өз колунда кармап турган менеджерлерге доомат кылып жатабыз. Centerra компаниясы дагы Кыргызстандагы абал өзгөргөнүн, мамлекеттик комиссия менен өлкө бийлигинин олуттуу аргументтери бар экенин түшүндү. Кыргызстан эл аралык арбитражда соттошуудан коркпосуна көзү жетти", — деди Жапаров.
"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал
Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.