"Аалам сулуусу" сынагын мексикалык кыз жеңди. Чүрөктүн видеосу

Сулуулар таймашынын финалында Перу, Доминика Республикасы, Бразилия, Индия жана Мексикадан келген кыздар күч сынашты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Мексикалык кыз Андреа Меса "Аалам сулуусу" сынагын жеңип алды. Бул тууралуу эл аралык сынактын Twitter тармагындагы расмий баракчасында жазылды.
​Финалда Меса узун, арты ачык, жалтырак кызыл көйнөк кийгенин көрүүгө болот. Таажыны ага 2019-жылы жеңүүчү болгон түштүк африкалык Зозибини Тунци кийгизгенин көрүүгө болот.
​Меса — дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңген үчүнчү мексикалык кыз. Буга чейин мекендештери 1991 жана 2010-жылдары биринчиликти багындырышкан.
"Аалам сулуусу" аталган кыз программист, ошондой эле туризмди колдоп, зордук-зомбулуктарга каршы туруп келет.
Сулуулар таймашынын финалында Перу, Доминика Республикасы, Бразилия, Индия жана Мексикадан келген кыздар күч сынашты. Үчүнчү орунду перулук Яник Масета, экинчини бразилиялык Жулия Гама алган.