Бир суткада 224 адамдан COVID-19 табылып, сегиз киши көз жумду

Коронавирусту жуктуруп алган жана андан көз жумгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан болууда. Бир суткада COVID-19дан борбор калаада беш, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир адам каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 224 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:
Баткен облусунда жаңы учур катталган жок.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 100 миң 473кө жетти. Анын ичинен 93 602 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирустан сегиз киши көз жумду. Анын бешөө Бишкектен болсо, экөө Чүйдөн, дагы бирөө Ысык-Көл облусунан. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 703кө жетти.
Ал эми 1 733 бейтап стационарда дарыланууда.