Кытайдын ТИМ башчысы Афганистандан аскерлерин чыгарып кеткен АКШны сындады

Ван И афган маселесинде Пакистандын таасири маанилүү экенин айтып, Афганистанда тынчтык орнотууда Пакистандын аракетин Пекин жогору баалай турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Америкалыктардын Афганистандан аскерлерин шашылыш түрдө чыгарып кетүүсү өлкө ичиндеги тынчтыкка олуттуу сокку болду. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пакистандын ТИМ башчысы Шах Мехмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
Ал Афганистанга коңшу мамлекеттер өз ара кызматташуусун күчөтүп, бир фронт катары чыгыш керектигин да белгилеген.
Ван И афган маселесинде Пакистандын таасири маанилүү экенин айтып, Афганистанда тынчтык орнотууда Пакистандын аракетин Пекин жогору баалай турганын кошумчалаган.
"Азыркы кырдаалда Кытай менен Пакистан стратегиялык координацияны бекемдөөнү улантып, Афганистандагы кырдаалды тынчытууга активдүү таасир этүүсү шарт. Ошондой эле аймактагы тынчтык менен туруктуулукту биргелешип колдошу керек", — деген Кытайдын ТИМ башчысы.
АКШ Ак үйү Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгып кетүүсүн (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылган. Америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.