Жыгылып баратып тепти. Австралиялык футболчунун гол киргизген видеосу

Германия чемпионатынын 32-турунун алкагында "Айнтрахт" өз үйүндө "Майнц" клубун кабыл алган. Беттеш 1:1 тең эсеп менен аяктаган.
Sputnik
Германия чемпионатындагы "Айнтрахт" клубунун оюнчусу Айдин Хрустич жыгылып жаткан жеринен тээп гол киргизди. Кызыктуу учур Бундеслиганын Youtube каналына жарыяланды.
Чемпионаттын 32-турунун алкагында "Айнтрахт" өз үйүндө "Майнц" клубун кабыл алган. Коноктор биринчи бөлүктө эле эсепти ачып, алдыга чыккан. Талаа ээлери беттештин акыркы мүнөттөрүндө эсепти теңеди.
Гол киргизип, токтоно албай дарбазаны да бузуп кеткен футболчу. Видео
Австралиялык футболчу капталдан чыгарылган топту дарбазаны көздөй тээп, ошол учурда атаандаштын бутуна чалынып жерге кулаган. Топ коргоочуга тийип, кайра өзүнө келген. Жерде кулап жатканына карабай Хрустич топту сол буттап дарбазага багыттаган. Топ асманга көкөлөгөн бойдон голго айланган. Дарбазачы бийик секирип, тосууга аракет кылганына карабай аны тосо алган эмес.
"Майнтс" Бундеслигада калуу аракетинде болсо, "Айнтрахт" Европа кубокторуна ойноо мүмкүнчүлүгүн алууга умтулган.