Гутерриш: Газа менен Израилдеги куралдуу кагылыш экстремизмди күчөтүүгө жол ачат

Израиль менен Палестинанын Газа тилкеси чектешкен жердеги кырдаал дүйшөмбү күнү курч алган. Анын кесепетинен курман болгондор менен жаракат алгандардын саны өсүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Газа тилкеси менен Израилдеги куралдуу кагылышууну токтотууга чакырды.
"Орозо айт майрамынын урматына Газа менен Израилдеги куралдуу кагылышууну токтотууга чакырам. Күнөөсү жок жөнөкөй адамдар курман болду. Бул конфликт аймактагы радикалдашуу менен экстремизмди күчөтөт", — деп Гутерриш Twitter баракчасына жазды.
​Израиль менен Палестинанын Газа тилкеси чектешкен жердеги кырдаал дүйшөмбү күнү курч алган. Тараптар ракета менен аткылашуусун улантууда. Анын кесепетинен курман болгондор менен жаракат алгандардын саны өсүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, Израилдин калк жайгашкан аймагында алты жөнөкөй жаран менен бир аскер кызматы каза болгон. Ал эми Газа тилкесинде 115 киши курман болду.
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Буга чейин Израилдин коргонуу министри Бени Ганц армия палестиналык топтор тынчып калмайын алардын Газадагы объектилерин аткылай турганын билдирген. Ошол эле учурда палестиналык топтор дагы Израилдин шаар аймактары менен борбордук бөлүгүнө чабуул коюуда.
Израилдиктердин маалыматына караганда, Газа тилкесинен миңден ашык ракета кое берилген. ХАМАС кыймылы болсо Иерусалимдеги палестиналыктардын кызыкчылыгын коргой турганын маалымдады.