Саат 12ге чейин уктап көндүк, 10до кантип турабыз. Депутаттын тамашасы видеодо

Бүгүн Кумтөр кенин текшерген мамлекеттик комиссия алдын ала корутундусун чыгарды. Жыйындын аягында депутаттар кийинки отурумдун убактысын белгилей албай талашышты.
Sputnik
Комиссия мүчөлөрү жума күнү чогула турган болуп, бирок бир тарабы түшкө чейин десе, экинчи тарабы эртең менен өткөрүүнү сунуштады.
Мамкомиссия Кумтөр боюнча бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштоодо
Буга да макул болбой эртең жыйынга келүүнү сунушташты. Ошол учурда депутат Өмүрбек Бакиров "азыр биз орозодо 10го чейин уктап көнүп алдык, саат 10до кантип турабыз" деп күлдүрдү.
Натыйжада кийинки отурум жума күнү, 14-майда, саат 10:00дө өтө турган болду.