БШК Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Себеби

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы массалык мыйзам бузуулар катталганын жүйө келтирип, Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.
Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону өтүндү.
Ал шайлоо маалында кызмат адамдары добуш берүү процессине кийлигишкени, административдик ресурс колдонулганы, үгүт иштеринде, добуш берүү учурунда, имараттан сырткары добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
“Мунун баары жарандардын эркин добуш берүүсүнө көзгө урунарлык таасир этет, добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоону кыйындатат. Ошондой эле шайлоо процессинин негиздерине жана добуш берүү укугунун принциптерине каршы келет. Мындай мыйзам бузуулар көп санда катталгандыктан шайлоого болгон ишенимди ажыратат”, — деди Шайлдабекова. 
НДПК мандатсыз калды. Кызыл чеке талашка Жогорку сот чекит койду
Буга байланыштуу БШК Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча токтом чыгарды. Ага ылайык, кимдин иш-аракети жыйынтыкты жокко чыгарууга түрткү болсо, ошол талапкер кайра шайлоого катыша албайт.
Мындан сырткары, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо чечими чыккан.
11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешине төрт партия утуп чыккан.
АСУнун жыйынтыгы боюнча мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлмөк: