Кыргызстандын улуттук командасынын 20 жаштагы оюнчусу 2020-жылдын январынан тарта алматылык "Кайрат" клубуна өткөн. Жакында эле клуб менен 2023-жылдын аягына чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.
Буга чейин ал беларустук "Неман" клубунун намысын коргогон. Футболчу ар дайым Европа клубдарында ойноону максат кылганын айтат. Учурда алматылыктардын намысын коргоп жатканына ыраазы экенин белгилеген.
Кыргызстанда спорттук карьерасын баштаган оюнчу "Дордой" клубунда тарбияланып, жергиликтүү "Кара-Балта", "Алга" командаларында ойногон. Мындан сырткары, түркиялык "Антальяспор" клубунда өзүн сынаган.
Тасмада Алыкулов Алматыдагы жашоосуна ыраазы экенин айткан. Атасын эстеп, ар тараптан колдогон үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирет.
"Кайраттын" башкы машыктыруучусу Алексей Шпилевский кыргыз футболчусун "Немандын" сабында ойноп, атаандаштын жарым командасын буйтап өтүп гол киргизгенде байкаганын айтат. Гүлжигит Европада ойногусу келген изги тилегине карабай, бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Казакстанга келген.
Машыктыруучу кыргыз футболчусунун өз алдынчалыгын жана жеңиш үчүн умтулган кайраттуу мүнөзүн өзгөчө белгиледи.
Алыкулов өзү болсо "Кайраттын" сабында дагы бир жолу Казакстандын чемпиону болууну жана Кыргызстандын улуттук курамасы менен дүйнө чемпионатында ойноону самаарын белгиледи.