Чек арадагы жаңжалда Лейлек району канча чыгым тартканы айтылды

Баткенде түзүлгөн атайын комиссия чыгымдарды аныктады, бирок бул сумма дагы өзгөрүшү мүмкүн экени айтылууда.
Sputnik
БАТКЕН, 11-май – Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда Тажикстандын кол салуусунан Лейлек районунун жашоочуларынын талкаланып, өрттөлгөн турак жайларын жана социалдык объектилерди кошкондо 1 миллиард 457 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Максат айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында белгилүү болду.
Жергиликтүү кабарчы билдиргендей, Алимбаев Максат айылында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, жашоочулар менен жолукту.
Иш-чарада Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов ошол тапта Лейлек районундагы жабыркаган айылдарда 11 тергөө тобу түзүлүп, 35 тергөөчү иштегенин билдирди. Анын айтымында, учурда 10 тергөөчү ишмердүүлүгүн улантууда.
"Тергөөчүлөр ар бир өрттөнгөн үйлөрдүн жана объектилердин ээси менен жолугуп, иликтеп жатышат. Атайын түзүлгөн комиссиянын алдын ала маалыматы боюнча, жоголгон, уурдалган мал-жанды кошкондо жалпы чыгым 1 миллиард 457 миллион 837 миң сомду түзөт", — деди Хажиматов.
Ал келтирилген зыяндын суммасы дагы өзгөрүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.
Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар
Эске сала кетсек, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдын кесепетинен Лейлек районундагы Максат айылында 89 турак үй менен кошо мектеп, бала бакча, ФАП жана милиция бөлүмү өрттөлгөн. Борбордук айылында дагы жарандардын турак үйлөрү менен кошо дүкөндөр, чакан ишканалар, ал эми Арка айылы менен Борбордук айылынын ортосундагы аралыкта жайгашкан 10дон ашуун күйүүчү май куюучу жай өрттөлүп, талкаланган. Аталган аймактан 16 унаа уурдалып, үч унаа Тажикстандан кайтарылды. 5 унаа өрттөлүп, төрт унаа талкаланып, жараксыз абалга келген.