Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

Буга чейинки чыккан өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку сот президенттин кеңешчиси Равшан Сабировдун өкүмүн жокко чыгарды
Ал эми адвокаттын Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча келтирген өтүнүчү канааттандырылган эмес.