Жапаров Путин менен сүйлөшүп, чек ара чырын талкуулады

Жапаров менен Путин эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаалды талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн, 10-майда, Россия тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты. Россия президенти Кыргызстан элин жаңы Конституциясынын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен да куттуктаган.
"Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Путин Россиянын Кыргызстанга чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылган маалыматта.
Жардам кандай түрдө берилери азырынча так айтылган эмес.