Эксперт: Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалагандар менен жалпы күрөшүү керек

Согуштун тарыхын бурмалагандар менен күрөшүүдө атайын багыттагы мамлекеттик саясат керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалагандар менен күрөшүүдө ЕАЭБ, ШКУнун деңгээлинде кабыл алынган мамлекеттер аралык биргелешкен стратегия зарыл. Бул тууралуу коопсуздук темасындагы эксперт Таалайбек Жумадылов айтты.
Жеңиш күнүндөгү конференция: тарыхты бурмалоого биргеликте каршы турабыз!
Иш-чараны Кыргызстандагы "Пикир" деп аталган аймактык эксперттердин клубу жана Кемероводогу мамлекеттик медициналык университет уюштурду.
Эксперттин айтымында, тарыхты бурмалагандардын ишине каршы аракеттер жасалышы керек.
"Тарыхтын беделин кетирүү максатында жасалган бурмалоо өтө кенен масштабдагы иш, аны геосаясат боюнча каршылаштарыбыз каржылап жатат. Бул элдин достугун ичинен бузуу максатында жасалууда. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалагандар менен күрөшүүдө атайын стратегия зарыл. Аны ЕАЭБ, ШКУнун деңгээлинде иштеп чыгуу керек", — деген Жумадылов.
Ал фальсификация менен күрөшүү үчүн атайын багыттагы мамлекеттик саясат талап кылынарын кошумчалаган.