Өлгөнгө чоң мал союп, тойго 200 киши чакырууга тыюу салынабы? Мыйзам долбоору

Демилгечи депутат той берүү үчүн айрым жарандар кошуна-колоң, туугандардан уялганынан карызга акча алууга, кийин андан кутулуу үчүн иштегени чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуп жатат деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат.
Жогорку Кеңештин сайты аркылуу "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи — депутат Улукбек Ормонов.
Кыргызстанда той-топур менен тажиянын чыгымын кыскартуу сунушталып жатат. Кандай карайсыз?
Себептер — түшүндүрмөдө айтылганына караганда, акыркы жылдары мындай иш-чараларды өткөрүүдө мактануу, өзүн көрсөтүү, ашыкча коромжулук сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн каражатты карызга алып, төлөп бериш үчүн миграцияга кетип жатышат. Айрымдар мындай иш-чараларды кошуналар жана туугандар тарабынан сындоолордон кутулуунун бирден-бир жолу катары кабыл алууда.
Максаты — жарандардын арасында ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында иштелип чыкты.
Талаптар: