Арыктоого 20 мүнөт кетет. Кышында топтолгон салмактан арылуунун жолу айтылды

Арыктоо үчүн машыгууну шаардын ичинде эмес, ачык жерде, колдон келсе таза абага чыгып жасаган алда канча пайдалуу.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кышында топтогон ашыкча салмакты өтө кыйналбай жеңил көнүгүүлөр менен кетирсе болот. Бул туурасында Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди.
Күндүн жылышы менен абага көп чыгып, басып, кышында аз кыймылдаганда топтолгон майларды акырындап кетирүүгө болот.
Диетолог-нутрициолог негизи адам күнүнө 20 мүнөт тез-тез басып турганы жакшы экендигин айтты.
"Өр тарапка 20 мүнөттөн бир саатка чейин чыгып келгенде өз натыйжасын берет. Себеби мындай жерге чыгып баратканда булчуңдар чыңалып, күч келет", – деп түшүндүргөн ал.
Скоромнаянын айтымында, мындай машыгууларды көчөдө эмес, ээн, ачык жерде жасаган пайдалуураак.
Адистер арыктоо үчүн канча убакыт жөө басуу керектигин айтышты
Шаардын ичинде баскан пайдалуу деле эмес, ал тургай зыян. Автоунаалардан чыккан таза эмес газдар көп, андыктан аба да кир. Машыгуунун таза абада болгону алда канча натыйжалуу болот. Шаарда андай көнүгүүлөрдү жасоо кан тамырдын, өпкөнүн көйгөйлөрүн көбөйтөт", – деген Скоромная.
Ал байкалбаганы менен ыш каптаган көчөгө караганда, жок дегенде фитнес-залга барууну сунуштаган.
Диетолог адам басканда буту чарчап кетпеши үчүн ыңгайлуу бут кийимге көңүл бурууну эскерткен.