Жүрүш Бишкектин так ортосунан башталып, шаардын түштүк бөлүгүнөн аяктаган.
Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген.
Мындан улам "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды.
Мындан сырткары, санитардык талаптарды аткаруу менен 50гө чукул киши чакан жүрүш уюштуруп, согуш ардагерлеринин сүрөтү менен Жеңиш паркына чейин жөө барышты.