Кыргыз ССРнин ар бир төртүнчү тургуну кан майданга жөнөгөн. Мындан сырткары, Кыргызстан тереңдеги тылда болсо да фронтко зор көмөк көрсөткөн.
Колумнист Алмаз Батилов Кыргыз ССРи фашисттик Германияны жеңүүгө кандай салым кошкону жөнүндө Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин фотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасады.
1 / 23
Кыргыз педагогикалык институнун мугалимдеринин найза менен салгылашууну үйрөнүп жаткан учуру. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Л. Вильчинский
2 / 23
Тирде. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1943-жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушка жардам берчү коому тарабынан (ОСОАВИАХИМ) 1 жана 2-даражадагы 163923 ворошиловдук көзгө атарлар, 17980 станоктук пулеметтон аткандар, 16765 байланышчы, 26678 миномет аткычтар, 11734 медайым менен санитардык инструктор жана башка аскердик кадрлар даярдалган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / С. Харченко
3 / 23
Милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системанын аскерлери тактика боюнча машыгып жаткан маал. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-1945-жылдары милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан 9 862 000 советтик жаран өткөн.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
4 / 23
385-аткычтар дивизиясынын командирлери, саясий бөлүмдүн жетекчилери жана жоокерлери Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолуккан учуру. Батыш фронт. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.
Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
5 / 23
Бала бакчадагылар фронтко посылка даярдап жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору белгисиз. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.
1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
6 / 23
Кызыл армиянын жарадар аскерлери “Красный авангард” колхозунда эс алып жаткан учуру. 1942-жыл. Ысык-Көл облусу. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Кыргызстанда жарадар жоокерлерди дарылаш үчүн 25 госпиталь ачылган.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / К. Вильчинской
7 / 23
Кызыл армиянын жарадар аскерлерине “Пищевик” артелинин жумушчулары нан бышырып, аны таразага тартып жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1943-жылы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргыз ССРинин колхоз менен совхоздору кан майданга 4,5 миллион нан, 2,7 миллион пуд картошка менен жашылча, 2,8 миллион пуд эт жөнөткөн.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Б. Блюмен
8 / 23
Кан майдандагы басмаканада “Кызыл атчандар “гезитинин чыгып жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.
1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
9 / 23
Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун энеси Бөжөк уулунун курман болгону тууралуу суук кабарды угуп жаткан учуру. Репродукция. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.
Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
10 / 23
Кыргыз ССРнин өкүлү М. Догдуров (ортосунда) Челябинск шаарында жайгашкан трактор заводунда кыргызстандык эмгекчилери каржылаган “Советтик Кыргызстан” танкалык колоннасын фронтовиктерге өткөрүп берүүдө. Сүрөттүн автору М.Харченко. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.
Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
11 / 23
Кыргыз СССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин аскер бөлүмүнүн жетекчиси Авас Умаралиев (ортодо генерал-майор Иван Чистяков) 2-гвардиялык аткычтар корпусунун жоокери менен таанышып жаткан учур. Фронттун алдыңкы сызыгы. Сүрөттүн автору И. А. Нарциссов. Холм шаары. 1942-жылы, май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Буга чейин бул атактуу кол башчы генерал Чистяков 8-Панфилов гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири болчу. 1944-жылы Беларуста Иван Михайловичтин колбашчылык таланты өзгөчө ачылган.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / И. А. Нарцисс
12 / 23
Панфиловчулар Кыргызстандан келген алманы жеп жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.
Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
13 / 23
8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Ашырбай Коёнкөзов (сол жактан биринчи жакта) жана Ахмеджан Султаналиев (ортодо) Кыргызстандын чыгармачыл инсандары менен жолугушуу учурунда. Фрунзе. 1942-жыл, июнь. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.
1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
14 / 23
Замбирекчилер Орел жана Курск догосунда салгылашууга даярданып жаткан учуру. Орел-Курск догосу. 1943-жыл, июль. Репродукция. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
15 / 23
Фронтко концерт коюу үчүн түзүлгөн Кыргыз филармониясы, Орус драма театрынын бригадасы артист, акын жана фронтовик Көпбай Күмүшалиев менен жолугушуусу. Репродукция. 1944-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
16 / 23
Жазуучу Темиркул Үмөталиев полктоштору менен Венгрияны бошоткондон кийин. 1944-жыл. Венгрия. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
17 / 23
Советтер Союзунун Баатыры Рузи Азимов Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Михнат колхозунда жетимдер үйүнүн окуучулары жана кан майданда каза болгон жоокерлердин балдары менен сүйлөшүп жаткан учуру. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
18 / 23
79-аткычтар корпусунун курамындагы 207-аткычтар дивизиясынын жоокерлери (1941-жылы ноябрда бул аскердик бөлүк Фрунзе шаарындагы 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын негизинде түзүлгөн) Рейхстагдын жанында. Берлин. 1945-жыл, 2-май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.
1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
19 / 23
Фашисттик Германиянын “Маутхаузен” концлагеринде туткундалган советтик жоокерлер Р.Помогалов менен В. Павленконун баарлашып жаткан учуру. Фрунзе. 1990-жыл. Сүрөттүн автору Петрийчук. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, фашисттик Германиянын туткунуна 4 миллион 559 миң советтик жоокер түшкөн. Гитлерчилер ал туткундарды адам катары көрбөй, мазактап кордошкон, адам жасабаган нерсени кылышкан. Ошого карабастан алар фашисттик Германияга каршы күрөшкөн. Булардын ичинен СССРге 1 836 562 гана советтик жаран гана бошонуп кайткан.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Петрийчук
20 / 23
Панфиловдун 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын жоокери Асипа Исмаилова жана полктошу (аты-жөнү белгисиз) тууга таазим кылып жаткан учур. Фрунзе. 1981-жыл. Сүрөттүн автору Михаил Шлафштейн. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
21 / 23
Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 30-аткычтар полкунун снайпери Темирбай Гаипов үй-бүлөсү менен. Ош облусу, Баткен району, Рават совхозу. 1959-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.
Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
22 / 23
“Даңк” орденинин толук III даражасынын кавалерлери Чынтемир Осмонов (сол жактан экинчи), Абдыкасым Карымшаков балдары менен. 1981-жыл, жай. Түп району, Күрмөнтү айылы. Илгиз Осмоновдун жеке архивинен.
Бул ордендин толук III даражасы менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2 656 гана жоокер сыйланган. Анын арасында төрт аял бар.

© Фото / Из личного архива Ильгизы Осмоновой
23 / 23
150-аткычтар бригадасынын катардагы аскери (оң жактан биринчи) Т.Мусурманкулов. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.