Жеңиш күнүн утурлай Ош, Жалал-Абадда митинг-реквием өттү. Сүрөттөр

Учурда Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери, тылдын 10 эмгекчил адамы жашап жатат. Ал эми Жалал-Абадда согуштун — 18, оруктун 41 гана ардагери калган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, дипломатиялык өкүлдөр, аскер кызматкерлери, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышкан.
1 / 9
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
2 / 9
Иш-чарага калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, дипломатиялык өкүлдөр, аскер кызматкерлери, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышкан.
3 / 9
Анда "Түбөлүк от" мемориалдык комплексинин жанында жолугушуу-реквиеми болуп, гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилген.
4 / 9
Ош шаарынын мэри Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандын тарыхында түбөлүк сактала турганын белгилеген.
5 / 9
Учурда Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери, тылдын 10 эмгекчил адамы жашап жатканы кошумчаланды.
6 / 9
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
7 / 9
Улуу жеңиштин 76 жылдыгы Жалал-Абад облусунда да белгиленди.
8 / 9
Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, шаардын Жеңиш эс алуу багында согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, курман болгондор эскерилди.
9 / 9
Эскерүү иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишкана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышкан.
Анда "Түбөлүк от" мемориалдык комплексинин жанында жолугушуу-реквиеми болуп, гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилген.
Ош шаарынын мэри Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандын тарыхында түбөлүк сактала турганын белгилеген.
"Согуш мезгилинде өлкөдөгү башка аймактар сыяктуу Ош шаары да "Баары фронт үчүн, баары Жеңиш үчүн" деген ураан менен жашаган. Жаштар шаардагы өнөр жай ишканаларында тыным албай иштесе, өспүрүмдөр станоктордун жанында укташкан. Дыйкандар ачка эмгектенген. Согуштан Оштун төрт миң тургуну кайтып келген. Биз аталардын эрдигин өмүр бою унутпайбыз", —деген Сарыбашов.
Учурда Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери, тылдын 10 эмгекчил адамы жашап жатканы кошумчаланды.
Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Кан майдандын каарын көрсөткөн сүрөт баян
Улуу жеңиштин 76 жылдыгы Жалал-Абад облусунда да белгиленди. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, шаардын Жеңиш эс алуу багында согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, курман болгондор эскерилди.
Эскерүү иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишкана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышкан. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу саамалык кеңири масштабда өткөрүлгөн эмес.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда согуштун — 18, оруктун 41 гана ардагери калган. Бул жылы мамлекет тарабынан согуш ардагерлерине 70 миң сомдон акча каражаты тапшырылганы кошумчаланды.