Баткенде барымтадагыларды кыйнашканы ырасталды. Материал прокуратурага берилет

Жаңжал учурунда тажик аскерлери Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын жана тогуз жай тургунду барымтага алган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктарга карата кыйноолорду колдонгонун аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Борбордун директору Бакыт Рысбеков туткунга түшкөн мекендештер менен жолугушуунун жыйынтыгында алар кыйноого кабылганын тастыктаганы белгиленет.
Барымтага алынган айыл башчы: бетондо отурдук, көзүбүздү бир сутка бою таңып коюшту
Эске салсак, жаңжал учурунда тажик аскерлери Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди жана тогуз жай тургунду барымтага алып, бир суткадан ашык кармаган. Алар Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бошотулган.
Учурда Исфанадагы райондук ооруканада жаткан бейтаптар Стамбул протоколунун (кыйноо боюнча иликтеп, материалды укук коргоо органдарына жөнөтүү) жол-жобосунан өтүп жатышат.
"Стамбул протоколунун жол-жобосу тууралуу жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ага чейин эле барымтага алынгандар ырайымсыз мамилеге жана кыйноолорго туш болгондугун айтууга болот. Толтурулган протоколдор Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кошумча кат менен коштолуп берилет", — деди Рысбеков.
Буга чейин барымтага алынган кыргызстандыктар Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына кантип туткунга түшүп, кандай азап чеккенин айтып беришкен.