Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Жапаровго кеңешчи болду

Руслан Кыдырмышев Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти болуп эмгектенип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Руслан Кыдырмышев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы кол койгон.
Руслан Кыдырмышев Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенттигин аркалап келет.