Путин менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты

Өлкө башчылары Бишкек менен Душанбенин чырды сүйлөшүү жолу менен чечүү тууралуу макулдашуусун колдой тургандыктарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтырууга даярдыгын билдиришти. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Казак президенти Токаевдин Тажикстанга эмнеге барары айтылды
Шаршемби күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвада Кызыл аянтта өтө турган аскер парадына катышары белгилүү болгон. Сапарынын алкагында РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал да сөз болору айтылган болчу. Рахмондун Москвага сапары жана Путин менен жолугушуусу чек ара чыры чыкканга чейин, башкача айтканда, бир ай мурун макулдашылганы да кабарланды.