Өлүмгө кептеген табигый кырсык. Жер көчкүгө эмне себеп?

Жер көчкү алдында калган маркумдардын санына карасак, бул Кыргызстандагы бардык табигый кырсыктардан алдыда турат. Жер көчкүдөн кутулуу дээрлик мүмкүн эмес. Бул жаратылыш апааты кандайча болоруна кызыктык.
Sputnik
Sputnik Кыргызстандын кабарчылары өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматтары менен таанышып, жер көчкүнүн себептерин билип көрүштү. Ошондой эле аталган министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга көз салуу жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев да маалыматтары менен бөлүштү.
Эксперттин айтымында, көчкү жүргөн аймакта аман калуу дээрлик мүмкүн эмес, себеби жүздөгөн тонна топурак секундасына бир нече метрлик ылдамдык менен жылып отурат. Алдынан чыккан имараттарды талкалап, адамдар коопсуз аралыкка качып үлгүрө албай калышат.
Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны
Набыт болгондордун сөөгүн издөөгө бир нече күн кетет, бирок көп учурда табылбай да калат. Соңку төрт жылда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 73 ири көчкүнү каттаган. Ошол кырсыктарда 34 киши каза тапкан. Бул багыттагы өтө кооптуу аймактар — Ош жана Жалал-Абад облустары.
Эмнеге мындай болуп жатканын түшүнүү үчүн жер көчкү эмнеден улам болорун тактап алуу абзел. Көктөмдө күн тийгенде мөңгүлөр активдүү эрий баштайт, жер алдындагы суу көп топтоло баштайт. Топурактын нымдуулугуна жамгыр да таасир этет.
Кыргызстандын түштүк облустарынын көйгөйү – бул жактагы тоолор көбүрөөк борпоң сары топурактан турарында. Борпоң топурактын курамында чопо, кум жана ылай бар.
Борпоң сары топурак нымды тартып алып, аны көпкө сактаганы менен кооптуу. Нымдуулугу акыркы чегине жеткенде жардын боорундагы бөлүгү өз салмагынын оордугунан кулап түшөт.
4 миңдин тегерегиндеги үй-бүлө кооптуу аймактарда күн кечирет, алар мамлекеттин көзөмөлүндө. Болочокто 46 көйгөйлүү тилкени, атап айтканда, Жалал-Абад облусунда – 22 жана Ош облусундагы 24 участокту коопсуз кылуу пландалууда.
Топурак казылып, жер алдындагы суулар кургатылат. Ошентип 990 турак үй, 11 мектеп, үч мекеме коопсуз сакталат. Буларды ишке ашырууга чет элдик донорлор 39 миллион доллар бөлүүнү убада кылышкан.