Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Баткендин 14 айылынын 40 миңден ашуун жашоочусу мектептерге, бирөөлөрдүн үйүнө эвакуацияланды. Бул учурда "Алтын-Бешик" мейманканасы 196 адамга кучагын жайып, акысыз карап жатат. Алар улгайган ата-апалар, аялдар жана балдар. Азык-түлүк, кийим-кече, гуманитардык жардам менен камсыздалууда.
Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынан келген аялдар кантип качканы тууралуу айтып беришти.
"Алар өтө күчтүү курал менен атышты. Дароо эле миномёт, гранатомёт дейби, ушундай куралдар менен ата баштады. Биз качып чыкканга жетишип калдык. Каналдын астында суу өтө турган туннелдин астына жашынып жан сактадык", — деди Көк-Таш айылынын тургуну Асылкан Халматова.
Гүлайым Сатарова Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында жашайт. Ал балдарын ээрчитип таң атпай качып жөнөгөн, дагы деле коркуп турганы көзүнөн байкалып турат.
"Эртең менен ооз бекиткенден кийин "балдарыңарды даярдагыла, алып чыгып кетет" деген имиш болду. Балдарым уктап жаткан, тургузуп даярдап, коңшулар топтошуп бир жерде турдук. ӨКМдин балдары келип бирден-экиден маршруткага салып жатты. Ал эми жетишпей калгандары Рават айылына качты. Жетишкени Баткен элине (шаарына) келди", — деп эскерет айыл тургуну.
Сатарова жети кыз, бир уулдун энеси, жолдошу чек ара заставасында иштейт. Ал сегиз баласын ээрчитип, буга чейин бир нече ирет качканын айтып берди. Мындай жаңжал өзүнүн бала кезинен бери токтобой жатканы ызалантат.
"1989-жылы мен 4-класстагы кыз элем, тажиктер менен чыр чыгып элди вертолёт менен эвакуациялаган. Бүгүнкү күндө балдарыбыз да ушинтип качып жүрөт. Былтыркы урушта балдарды үйгө калтырып, чоң кызымды тосуп алганы Ошко баргам. Аэропортко жеткенде артыбыздан чалып "башталып кетти, атышып атат" дешти. Эне үчүн ал убакты элестетип көргүлөчү. Үйгө жеткенге чейин канча нервим кетти, күйгөндөн суу иче берип азыр ден соолугумдан айрылып калдым, чынын айтсам. Кудайга шүгүр, коңшулар балдарымды коопсуз жайга алып чыгыптыр. Баары бир өз көзүң менен көрмөйүнчө кыжалат болосуң. Акыркы ирет таштаганым ошол болду, ошондон бери балдарымды таштай албайм", — деди Сатарова.
Гүлайым Сатарова тажик тарап менен чыр алгач Ак-Сай айылында гана болсо, акырындап отуруп Көк-Ташка жетип, анан Лейлек районуна өткөнүн белгилейт
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Бул үй-бүлөнүн турак жайы чек арага бет маңдай, жолдун боюнда жайгашкан. Ошондуктан да ээн-эркин жашап, балдарды көчөгө чыгаруу бир топ кооптуу экенин белгиледи.
"Дагы деле кооптуу, барсак кантип жашайбыз, билбейм. Айрыкча энелер үчүн кыйын экен, түн уйкуда дагы башталып кетсе кантем деп ойлоносуң. Буга чейин мен бир нече ирет качып көрдүм. Балдарым өтө жаш эле, бирин алсаң бири калып кетет, өкүрүп-бакырып ыйлап дагы жүрдүм. Мен дагы эл катары кеңири, коркпой-үркпөй, тынч жашасам дейм. Өзгөчө кыздарымдан корком, тажикстандыктар ары-бери өтүп тийише берет экен", — деп муңайды эне.
Ал эми аксайлыктар үчүн мал кармоо чоң тобокелчилик экенин айтат. Себеби коңшу өлкөнүн чегине өтүп кеткен мал кайтпайт экен.
"Мал кармасаң өзүңө жакшы эмеспи. Бирок Тажикстанга кирген мал ошол бойдон жок болуп жатты да. Коңшуларыбыз беш-алтыдан жоготту, кээде короосунан жылкыларды айдап кеткен учурлар болду. Бирок биздин бийлик тараптан бири дагы кайтарылбады. Алардын малы кирип кетсе биз, кыргыз, кең пейил эл экенбиз "тиги жерде тажиктин малы бар экен, айтып койгула, келип алып кетсин" дейбиз. Биз бирөөнүн малын мал кылганды жактырбайт экенбиз", — деди Сатарова.
Асылкан Халматова кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тараптар алгач бири-бирине таш ыргытуу менен чектелсе, эки-үч жылдан бери курал колдонула баштаганына тынчсызданат.
"Бизге бийлик ушул чек араны чечип берсе, зым тор тартып эле тосуп таштасынчы. Болбосо мындай кайталана берет. Барган сайын күчөп жатат. Биринчи 1988-жылы башталган, Курман айт күнү тажиктер чыгып кетмен, күрөк, таш менен чабышкан. Биздин айылдар шахмат түрүндө жайгашкан. Суунун башы сыяктуу жакшы жерлерибизди алып калып, башка жагын алмашса деле макулбуз. Биз тынч жашагыбыз келет. Бийликтен ошону талап кылабыз", — деди Халматова.
Гүлайым Сатарова тажик тарап менен чыр алгач Ак-Сай айылында гана болсо, акырындап отуруп Көк-Ташка жетип, анан Лейлек районуна өткөнүн белгилейт. Бизден кийин башка айылдарда дагы тынчтык жок болуп калды дешти энелер.
"Алардын максаты эле кичине-кичинеден басып, жерлерди ала бериш экен. Кысым кылып жатып, бир канча жерлерди алып койду буга чейин. Кийин эл жапа тырмак чыгып, бербей тирешчү болду. Ак-Сайдын жайыты кенен, суунун башы. Биздин эл кетсе, каргаша болгон "Головнойдогу" суу Төрткүлгө келбей калат. Ал жер жөн эле өтүп кетет да. Тажикстан көз карандысыз болуп, ээн-эркин каттап калат. Азыр ошол жерде Ак-Сай эли турган үчүн алар кичине сестенип турушат. Канча жылдан бери Ак-Сайды жок кыла албай жатышат", — деди Сатарова.
Жергиликтүү тургун Ак-Сай эли кетсе, каргаша болгон "Головнойдогу" суу Төрткүлгө келбей каларын айтат
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Белгилей кетсек, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 кыргызстандык жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган.
Өкмөт талкаланган, өрттөлгөн бардык турак жайларды мамлекеттин эсебинен тургузууну убадалады. Ал эми каза болгон адамдардын жакындарына 1 миллион, жарадарларга 50-100 миң сомдон берилери айтылды.