Шылуундар мурасты жасалма керээз аркылуу тартып алуусу ыктымал. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, мурастын керээз түрүндө жана мыйзам боюнча деген эки түрү бар.
"Мурастоо — бул өлгөн адамдын мүлкүнүн укуктук жолдор менен башка адамга өтүүсү. Мурас калтыруучунун көзү тирүүсүндө бойго бүтүп, каза болгондон кийин төрөлгөндөр жана бардык жарандар мураскор катары эсептелет. Ошондой эле юридикалык жактар жана мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да бул укукка ээ боло алат. Жарандын калтырган керээзинде орду жана убактысы көрсөтүлүп, анын колу коюлуп, кагаз түрүндө жазылган документ нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Көбүнчө ал мамлекеттик нотариалдык кеңселерде түзүлөт. Жеке нотариалдык кеңседе түзүлгөн керээздин мыйзамдуулугу шек жаратып калышы ыктымал. Анткени мурастоо укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда шылуундар көбүнчө жеке нотариустар менен келишип алып, жасалма керээздерди колдонушат", — деди Бакиров.
Юрист керээз жок болгон учурда мурастоо мыйзам боюнча ишке аша турганын кошумчалады.