Лейлекте аскердик шаарчанын курулушу башталды. Сүрөт

Жапаров кыргыз-тажик жаңжалынан кийин айылдарды калыбына келтирүү, элге жардам берүү иштеринин аткарылышын өзү көзөмөлгө аларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткендин Лейлек районуна аскердик шаарча түшөт. Аталган облуска болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, болочоктогу шаарчанын курулушуна капсула салды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул иш-чарага улай ал жергиликтүү эл менен жолугуп, делимитация жана демаркация иштери туурасында айтып бергендигин кабарлады
Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул иш-чарага улай ал жергиликтүү эл менен жолугуп, делимитация жана демаркация иштери туурасында айтып бергендигин кабарлады.
"Жапаров мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталарын жана чек ара маселеси анын президенттик ишинде приоритеттердин бири экендигин айтты", — деп билдирди маалымат кызматы.
Ал жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара байланышта иштеп жаткан мамлекеттик түзүмдөргө тапшырма берип, аларга жеке өзү көзөмөл кылып, ишин координациялай тургандыгын айткан.
Ал жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара байланышта иштеп жаткан мамлекеттик түзүмдөргө тапшырма берип, аларга жеке өзү көзөмөл кылып, ишин координациялай тургандыгын айткан
Жергиликтүү калк Баткенге азыркыга чейин колдоосун билдирип, топтогон жардамын жөнөтүп жаткан Кыргызстан элине — мекендештерине ыраазылыгын билдирген.