Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү

Sputnik

Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган. Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп жок болгон. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

Чек арадагы чатак жергиликтүү тургундарды жана мамлекетти ири материалдык чыгымга учуратты.

Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси
Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды автомат, гранатомет жана минометтор менен аткылаган. Мындан сырткары, Тажикстандын аскер күчтөрү 29-апрелде Ми-24 тик учагынан ок чыгарган. Анын кесепетинен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнө снаряд тийген.

Миномет, гранатометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон. Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160тай адам жапа чеккен. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам коопсуз жайга чыгарылган.

1 / 15
Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
2 / 15
Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
3 / 15
Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
4 / 15
Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
5 / 15
Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
6 / 15
Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
7 / 15
Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
8 / 15
Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
9 / 15
Минометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
10 / 15
Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
11 / 15
Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
12 / 15
Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
13 / 15
Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
14 / 15
Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
15 / 15
Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө