Куралдуу күчтөр эки багытта реформаланат. Жапаров армия тууралуу

Президент элдик кошуундар түзүлө турганын белгилеп, бул система аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып, Куралдуу күч түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.
Анда президент армия реформалана турганын белгилеген.
"Армияны реформалоодо эки негизги багытка токтолоюн. Биринчиден, Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдышыбыз керек. Экинчичиден, элдик кошуундарды түзүүгө өтөбүз", — деди Жапаров.
Анын айтымында, бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.