Бишкекке беш трейлерден турган мобилдик клиника келди. Сүрөттөр

Буга чейин клиникаларды Нарын облусуна жайгаштыруу пландалганы айтылган. Мындан сырткары, беш жыл аралыгында анын бардык чыгымын Ислам өнүктүрүү банкы төлөмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик клиника алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик клиника алып келинди
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, беш трейлер жана персоналдар үчүн өзүнчө үч техникалык машина жеткирилген. Клиника норвегиялык компаниянын буйрутмасы менен Түркияда чогултулуп, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.
Мобилдик клиника Ford маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга чиркелген. Клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле операциялык бөлүмү бар.
Вакцинаны алдын ала онлайн жазылып алса болот. Шарттары
Трейлерлер менен кошо уктоочу бөлмө, ашкана каралган үч автоунаа менен бейтаптарды ташуучу кичи автобус жана тез жардам унаасы алынды. Алар Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен макулдашуунун алкагында берилүүдө. Буга чейин аталган клиникаларды Нарын облусуна жайгаштыруу пландалганы айтылган.
Мындан сырткары, макулдашууга ылайык, беш жыл аралыгында мобилдик клиниканын иши, айлык акы, медицина кызматкерлеринин тамак-ашы, дары-дармек менен камсыздоо жана башка чыгымдар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.