УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, 28-апрель күнү тажик тарап суу таратуучу жайга камера орноткон. Жергиликтүү тургундар буга каршы чыгып, чырдаша кеткен эки тарап бири-бирин ташка алган. Эртеси кырдаал курчуп, кыргыз-тажик аскерлеринин атышуусу башталган.
Ошондой эле суу таратуучу пунктуну кайтарган ИИМдин атайын багыттагы "Шер" отряды кошумча күч келгенче алты саат бою позициясын бербей коргоп турганы белгилүү болду.
Ак-Суу дарыясы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды суу менен камсыздайт. 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Өлкөнүн үлүшү бул канал аркылуу агып, Төрткүл суу сактагычына куят. Ал жерге топтолгон суу жайкысын баткендик дыйкандарга абадай керек. Тагыраак айтканда, Баткен шаарындагы жана Баткен районунун бир бөлүгүндөгү эгиндер сугарылат.
Кыргыз бийлиги мындан ары да "Головнойго" толук ээлик кыларын убадалады.
Sputnik Кыргызстан буга чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын тарыхы тууралуу материал даярдаган.