Үй салууну убадалагандар, насыяны кечкен банк. Баткенге жасалган жакшылыктар

Баткендеги чек ара чырынан жабыркап, үй-жайы жок калгандарга, каза болгондордун жакындарына кыргыз эли жапа тырмак жардам берүүдө. Алардын ичинде үй салып, насыяны кечебиз деп убадалаган ири компаниялар дагы бар.
Sputnik
Sputniк Кыргызстан агенттиги күйүткө баткан элге үмүт шамын жандырып, жардам беребиз деген ири компаниялардын көмөгүн топтоду.
ӨКМдин акыркы маалыматына ылайык, Баткен облусу боюнча чек ара жаңжалынан 107 турак үй жабыркаган. Мындан сырткары, эки мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект, 5  мамлекеттик имарат күйүп, талкаланган.
Кыргызстандын президентинин аппараты чек ара чырынан жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтириле турганын билдирди. Жараксыз болгон тамдын баарын мамлекет куруп бермей болду.
Бул ишке курулуш компаниялары да жардам берери айтылды. Алардын ичинде IHLAS курулуш компаниясы бар. Аталган компаниянын жетекчиси, "Каганат Инвест" холдингинин негиздөөчүсү Нурбек Осмонов кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү демилгесин колго алып, Баткендеги жабыркагандарга 20 үй куруп берүү чечимин кабыл алганын Facebook баракчасына жарыялады.
Баткендегилерге үй салып берүүгө ниеттенген ишканалардын катарында SMA Group курулуш компаниясы дагы бар. Алар чек арадагы жаңжалдан үй-жайсыз калгандарга 10 үй куруп берүү ишин баштаганын кабарлады.
"Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусуповдун Баткенде жабыр тарткандарга үч үй салып, аны толук бүтүрүп бере турганын буга чейин соцтармак колдонуучулары жазган. Маалыматты Жусупов өзү да тактап, азыркы тапта үйлөрдүн долбоору чийилип жатканын белгиледи.
Катуудан казаны, жумшактан күлү... Кан төгүлгөн чек ара жаңжалынан 18 ирмем
Redem курулуш компаниясы бир үй салып бере турганын кабарлаган. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, азыркы тапта үйдүн долбоору даярдалып жатат. 2-3 күндөн кийин барып, жалгыз бой же көп балалуу болгон бир аялга там салып берүүнү пландоодо.
Кан жутуп отургандардын ажатын ачкандардын бири — Demir Kyrgyz International Bank. Аталган компаниянын чек ара чырында окко учкан офицер, капитан Эсентур Кубанычбековдун насыясын кече турганын алгач Нуриля Чолпонбаева Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Эсентурдун ата-энеси жок болгондуктан насыяны аскер өзү төлөчү. Бирок каргашалуу окуя көп нерсени түп-тамырынан бери өзгөрткөн.
Чек ара чырында жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иши башталды
Аскер адамынын насыясын кече турганын Demir Kyrgyz International Bank компаниясынын өкүлдөрү тастыктап, азыр кагаз иштери такталып жатканын кошумчалашты.
Өлкөнүн, анын ичинде Баткендин башына каран күн түшкөндө мобилдик операторлор да көмөк көрсөткөн.
Алсак, MegaCom компаниясы 1227 тынымсыз байланыш линиясын ишке киргизип, ага чалууну акысыз кылды.
Ал эми Beeline ошол учурда аймактын жашоочулары үчүн WhatsApp тиркемесин акысыз жана чектөөсүз жеткиликтүү кылган.
Бул Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга көрсөтүлгөн жардамдын аз гана бөлүгү. Учурда ар бир мамлекеттик, жеке менчик мекемелердин кызматкерлери бир күндүк айлык акысын которуп, пенсионерден балдарга чейин чогулткан акчаларын, кийим-кече, тамак-ашын жөнөтүүдө.
1 / 3
Бишкектик эки бала чек арада жабыркагандарга акча жыйнаган кутусун беришти
2 / 3
Балдар 3 215 сом топтогон, каражат атайын эсепке которулду
3 / 3
Аймактын бийлиги чек арада жашаган мекендештерге жардам берген балдарга ыраазычылык билдирди
Акыркы маалыматтар боюнча, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине элден 11 миллион 684 миң сом түшкөн. Мындан сырткары, 573 тонна гуманитардык жардам жеткирилип, анын 515 тоннасы жабыркагандарга тапшырылган.