Садыр Жапаров эртең жаңы Конституцияга кол коет

Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров эртең, 5-май күнү, жаңы Конституцияга кол коет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.
"Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактары катышат. Эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу чакырылган коноктор ПЦР-анализ тапшырышты", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара эртең менен саат 10:00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.