Кыргызстандын Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев стратегиялык объект Кыргызстандын аймагында жайгашканын айтты. Ал 1970-жылы курулуп, үч жылдан кийин эксплуатацияга берилген. Сокеев "Головной" тууралуу бир нече тарыхый фактыны келтирди.
"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт
"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт. Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт. Совет мезгилинде суу пайдаланылган жерлерге жараша бөлүштүрүлчү. Ошол мезгилде Кыргызстан 11 миң гектар жерди өздөштүрсө, Тажикстан 21,3 миң гектар, ал эми Өзбекстан 1,6 миң гектарын колдонгон.
Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт
Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз ССРи "Головнойду" ишке ашыруу үчүн 384,2 миң рубль короткон.
Эске салсак, буга чейин Тажикстандын УКМКсы "Головной" Тажикстандын аймагында жайгашканын, кыргыз тарап аны басып алганын айткан. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маалыматты четке каккан.