Бишкек: дагы эки мектеп карантинге жабылып, балдар үйдөн окумай болду

Бишкек мэриясы ата-энелерди, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерин, медиктерди эпидемиологиялык абалга байкоо салып турууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы дагы эки — №66 менен №93 мектептин окуучулары бүгүн, 4-майда, аралыктан окууга өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан сегиз адам көз жумуп, 224 киши илдетти жуктуруп алды.
Коронавирус менен ооругандар Бишкектеги кайсы ооруканадан орун таба алат
Учурда 10 мектеп карантинде турат. Алар: №61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 билим берүү мекемелери.
Мындан сырткары, 32 класс аралыктан билим алууда.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги алты:  №26, №63, №17, №35, №67 жана №24 мектептери карантинден чыккан эле.
Бишкек мэриясы балдар менен ата-энелерди, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерин, медиктерди эпидемиологиялык абалга байкоо салып, пандемия учурунда окуу процессине мониторинг жүргүзүп турууга чакырууда.