Чек ара жаңжалынан Тажикстан кандай чыгымга учураганы айтылды

Тажикстандын аймагында 14 үй жабыркаганы айтылды. Буга чейин Кыргызстандын ӨКМи Баткен облусунда алдын ала маалымат боюнча 142 объект талкаланганын маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийинки чыгымдын алдын ала эсебин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Андагы маалыматка караганда, 14 үй талкаланып, эки эл жашаган имарат менен бир курулуш жабыркаган.
Мындан сырткары, жалпы орто билим берүү мекемесинин имараты менен Бободжон-Гафуров районундагы Овчикалъача айылынын аймагындагы турак үй бир аз жабыркаганы айтылды.
"Жалпы жонунан 15 миңге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда алардын бардыгы үйлөрүнө кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстандын ӨКМи кыргыз айылдарында эмнелер талкаланганы боюнча алдын ала маалымат берген болчу. Тизмеси:
Баткен облусу боюнча:
Баткен району боюнча:
Лейлек району боюнча:

Баткендеги кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 35 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.
Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн онлайн-репортаждан билүүгө болот.