Тажикстан талкалаган Максат айылынын мурдагы жана азыркы көрүнүшү. Видео

Көрүп алып көз чарчап, көңүл ооруйт. Мындан 27 жыл мурда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын Максат айылы келечектүү максат, жакшы тилек, жаркын ой менен атайын түптөлгөн эле... Ал эми коңшулардын кылыгынан кийин азыркы көрүнүш такыр башкача.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан Баткендеги чек арада тажик аскерлери аткылоого алып, өрттөлгөн Максат айылынын азыркы көрүнүшү менен жай турмуштагы учурун салыштырып, видеоролик жасады.
Катуудан казаны, жумшактан күлү... Кан төгүлгөн чек ара жаңжалынан 18 ирмем
Тажик тараптын чабуулунан социалдык объектилер да талкаланган. Сегиз жыл мурда жаңы салынган Максат орто мектеби жарактан чыгып, ал жерден миномёттун октору табылды.
Бала бакчаны да өрттөп жиберишкен, фельдшердик-акушердик пунктунун, милиция бөлүмүнүн төрт дубалы гана калган.

Баткендеги кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 36 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.