Баткен: эки өлкөнү бөлүп турган трассаны тажикстандык жолчулар оңдоп жатышат

Жергиликтүү тургундар жол тажик тарапка өтүп кеткен деп кооптонуп жатышат. Өкмөттүн өкүлчүлүгү маалыматты тактоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын бөлүп турган трассаны тажикстандык жолчулар оңдоп жатышат. Бул тууралуу окуя болгон жерден жергиликтүү тургундар Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
Жол өрттөлгөн күйүүчү май куюучу станциялардын жанынан өтөт. Трассанын боюнда Кыргызстандын Арка-1 жана Арка-2 айылдары жайгашкан. Жергиликтүү тургундар жол тажик тарапка өтүп кетти деп чочулоодо. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү бул маалыматты тактап жатат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын бөлүп турган трассаны тажикстандык жолчулар оңдоп жатышат

Баткендеги кандуу кагылыш

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында адам өлүмүнө алып келген куралдуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, жаңжал 2-3 күнгө созулуп кетти. Атышуунун кесепетинен каза болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетти. Ал эми 200гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап, турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.
Чек ара чатагынан келтирилген зыяндын көлөмү. Алдын ала маалымат
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарга гуманитардык жардам жеткирилип, тамак-аш, жууркан-төшөнчө менен камсыздалууда. Өкмөт күзгө чейин аларга үй куруп берүүнү убадалады.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Азыркы маалда Баткенде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.