Душанбе башынан эле "Головной" Кыргызстандыкы деп билчү. Маанилүү фактылар. Видео

Чек арадагы чыр 17-апрелде эле башталган. Анда тажик чек арачылары кыргыз тараптан Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайындагы оңдоп-түзөө иштерин токтотууну талап кылышкан. Бирок кыргыздар макул болгон эмес.
Sputnik
Бул пикир келишпестик Баткен менен Согди облустарынын башчыларына жетип, алар телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
28-апрель күнү ошол эле "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жанына тажиктер Ак-Суу дарыясынын жээгинен шагыл чогулта башташкан. Кийинчерээк тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайга видеокөзөмөл орнотууну чечкен.
Сөөгү өзүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылды. Баткенде дагы бир жаран каза болду
Эки тараптан тең 100-150дөй киши чогулуп, алар бири-бирин ташка алышкан. Тажикстандын УКМКсы "Головной" Тажикстандын аймагында жайгашканын, кыргыз тарап аны басып алганын айткан. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маалыматты четке кагып, окуяны тажиктер курчутуп жибергенин маалымдады.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде миномёттон атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургун көз жумганын кабарлады.
Биз Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев менен сүйлөштүк. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине стратегиялык объект Кыргызстандын аймагында жайгашканын айтты. Ал 1970-жылы курулуп, үч жылдан кийин эксплуатацияга берилген. Сокеев "Головной" тууралуу бир нече тарыхый фактыны келтирди.
"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт. Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан - 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт. Совет мезгилинде суу пайдаланылган жерлерге жараша бөлүштүрүлчү. Ошол мезгилде Кыргызстан 11 миң гектар жерди өздөштүрсө, Тажикстан 21,3 миң гектар, ал эми Өзбекстан 1,6 миң гектарын колдонгон.

Суу бөлүштүрүүчү жай кимдин каражатына курулган

Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео

"Ал учурда каражатты бөлүшкөн эмес, бирок Кыргыз ССРинин акчасына салынган. 1973-жылдан бери биз эле пайдаланып, жыл сайын оңдоп-түзөйбүз. Буга чейин "Головной" боюнча Тажикстан менен чыр чыкпаган. Суу бөлүштүрүүчү жай Кыргызстандын аймагында жайгашкан, бардык тастыктоочу документтери бар. Тажикстандын суу боюнча адистери да доо кылышчу эмес, бирок бул жылы саясатчылар аралашты", — деди Сокеев.

Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз ССРи "Головнойду" ишке ашыруу үчүн 384,2 миң рубль короткон.