Чек ара чатагынан келтирилген зыяндын көлөмү. Алдын ала маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын комиссия тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, жүздөгөн имараттар талкаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын комиссия тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча түзүлгөн тизме:
Баткен облусу боюнча:
Баткен району боюнча:
Лейлек району боюнча:
Кошумча маалымат берилет.

Баткендеги кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 35 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.
Душанбе башынан эле "Головной" Кыргызстандыкы деп билчү. Маанилүү фактылар. Видео
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн онлайн-репортаждан билүүгө болот.