Ташиев: тажик тараптан зыяндын ордун толтурууну талап кылбайбыз

Атайын кызматтын төрагасы тажик тарап өздөрү күнөөсүн мойнуна алган учурда гана бул маселе караларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызстан Тажикстандан келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү талап кылбайт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев болуп Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуп жатат.
"Тажик тараптан зыяндын ордун толтуруп берүүнү талап кылбайбыз. Эгер өздөрү күнөөсүн мойнуна алса, карап көрөбүз", — деди Ташиев.
Чыр чыгарын билгенбиз. Ташиев Новиков менен Максатка барды. Сүрөт
Жергиликтүү тургундар насыя тууралуу да маселе көтөрүштү. Ага жетекчилер мамлекет төлөп берүүгө аракет кыларын, жашоочулар бул боюнча санаа тартпашы керектигин белгилешти.
Ошондой эле өз сөзүндө ал кагылышуу болорун алдын ала билгенин, ошого карата даярданып аймакка техника киргизип турушканын кошумчалады. Бирок адам өлүмүнүн санын көбөйтпөш үчүн шашылыш аракеттерге барышкан эмес.
ӨКМдин билдиришинче, кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн талкаланган.