БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Тамак ичкенден ич чоюлуп кетпеши үчүн бир нече эрежени сактоо керек. Бул тууралуу эндокринолог Зухра Павлова социалдык баракчасы аркылуу айтып берди.
Ал азыркы заманда ичтин чоюлушу менен жабыркагандар көп экенин белгиледи.
"Азыр стресс көп, тамак көп. Маанайды көтөрүү үчүн көп тамак жеп алгандар бар. Адатта тамакты бат жеген адамдардын ичи чоюлат", — деди адис.
Ошол себептен медик тамакты көп жолу чайнап жеш керектигин айткан.
"Негизи оозго салынган азыкты 33 жолу чайнаш керек. Эми, албетте, андан аз же көп чайнаса болот, башкысы тамак боткого айлангандай болуп калышы керек. Баса, сууну да жай ичүү керек. Суу ашказанда көпкө турбайт, бирок дароо жутуп жибергенде күч келет", — деди Павлова.
Эндокринолог мындай ыкмалар арыктоого да жакшы жардам берерин айткан.