Жапаров менен Рахмон кайрадан телефон аркылуу байланышты

Президенттер эки өлкөнүн делимитация жана демаркация маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын баштоо жана жумушчу топтордун бирдиктүү иш алып баруусу боюнча пикир алмашты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кайрадан телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин сайтына жарыяланды.
Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары жетишилген келишимдердин аткарылышын жана чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашкан.
"Ок атууну токтотуп, аскерлерди чыңалып турган аймактан чыгарып кетүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара чырынан көз жумгандардын саны 33кө жетти
Президенттер эки өлкөнүн делимитация жана демаркация маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын баштоо жана жумушчу топтордун бирдиктүү иш алып баруусу боюнча пикир алмашты.
Эки өлкөнүн башчылары ушуну менен 30-апрелден бери экинчи ирет байланышты. Тараптар үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.