Бейкүнөө соолуган өмүрлөр. Чек ара чырында көз жумгандардын элесине арналган видео

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан 31 кыргызстандык көз жумду. Алардын арасында 12 жаштагы Мадина Рахматжанова дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Шейит кеткендердин ичинен бийлик азырынча 11 кишинин аты-жөнүн айтты. Алар:
Мындан сырткары, кыргыз аскерлери да мерт кеткен. Алар:
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы чек ара жаңжалынан бейкүнөө каза болгондордун жакындарына көңүл айтат.

Баткендеги чек ара чыры

Чек ара кызматы: түндө Баткенде ок атуу болгон жок

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.