БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев инфаркт кооптуулугунда турат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев дарыгерлердин бүтүмүнө таянып жазды.
Анын айтымында, 1-апрелде Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун профессору М.Т. Бейшенкулов тарабынан Атамбаевге болжолдуу түрдө жүрөктүн коронардык оорусу, атеросклероз, ФК 2 чыңалуудагы стенокардия, коронардык артериялардын кальцинозу жана башка диагноздор коюлган.
"Дарыгер менен өзүнчө сүйлөшкөнүмдө коронардык артериялардын кальцинозу бейтап инфаркт кооптуулугунда турганын билдирерин айтты", — деди Жоошев.
Жактоочунун айтымында, мурдагы президенттин бели жана буту ооругандыктан, көп отурбай кыймылдоо керектиги да сунушталган.
Ал буга чейин Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын эскерте кетти.
"Экспертизанын жыйынтыгы менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичке өлкө ичинде же чет мамлекетте толук кандуу дарыланууга мүмкүнчүлүк берилет деп ишенем", — деген Жоошев.
Мурдагы өлкө башчы 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.
Эскерте кетсек, Атамбаев Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып 11 жыл эки айга кесилген. Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген. Январдын башында Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун баш коргоо чарасы боюнча чечимин карап, аны күчүндө калтырган (камакта калтыруу).
Атамбаев башка кылмыш иштери боюнча дагы айыпталып жатат, сот иштин баарын бир өндүрүшкө бириктирүү чечимин чыгарган.